Коом

Кыргызстан дүйнөдөгү электр энергиясы эң арзан өлкөлөрдүн катарына кирет

Кыргызстан электр энергиясынын эң арзан баасы боюнча дүйнөдө төртүнчү орунда турат, орточо эсеп менен 0,017 доллар/кВт. Бул тууралуу британиялык  Cable.co.uk басылмасынын рейтингинде айтылат.

Докладда Ливия (0,007 доллар), Ангола (0,013 доллар), Судан (0,014 доллар) жана Зимбабве (0,021 доллар) да дүйнөдөгү эң арзан электр энергиясы болгон өлкөлөрдүн катарына киргени белгиленген.

«Электр энергиясы эң кымбат болгон өлкөлөрдөн айырмаланып, электр энергиясына тарифтер эң төмөн болгон өлкөлөрдүн бири да арал эмес, ал эми бештен үчөө Сахаранын түштүгүндө  Африкада жайгашкан. Африкалык эмес жападан жалгыз өлкө — Кыргызстан », — деп айтылат маалыматта.

Дүйнөдө электр энергиясы эң кымбат болгон беш өлкөнүн катарына Соломон аралдары (0,692 доллар), Сент-Хелена (0,612 доллар), Вануату (0,591 доллар), Кук аралдары (0,523 доллар) жана Микронезия (0,484 доллар) кирген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button