Кылмыш-кырсык
Бразилияда нөшөрлөп жааган жамгырдан 7 адам каза тапты
Бразилиянын түндүк-чыгышындагы Баия штаты менен коңшу Минас-Жерайс штатында нөшөрлөгөн жамгырдан 7 киши каза болуп, 175 киши жабыркады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Билдирүүлөргө караганда, аптанын ортосунан бери аталган штаттардын чек арасында экстратропикалык циклон күч алып, анын кесепетинен аймактагы жаан-чачындын деңгээли 450 миллиметрге жеткен.
Баия штатынын 25 муниципалитетинде өзгөчө кырдаал жарыяланып, алардын айрымдарында акыркы 35 жылдагы эң катуу суу ташкыны катталган.
Куткаруучулардын маалыматында, 5-7 миңге жакын адам үй-жайсыз калган, дагы 6-7 миң адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Жаандын кесепетинен облустун 85 миңден ашуун тургуну жабыркаган.