Кылмыш-кырсык

33,9 млн сом. ИИМдин Ички аскерлер кызматында коррупциялык схема аныкталды

КР Аскер прокуратурасы тарабынан Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин ишмердүүлүгүн пландуу текшерүүсүнүн жүрүшүндө туруктуу коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ички аскерлеринин өздүк курамына сатып алына турган тамак-ашка жана кийим-кечеге бөлүнгөн акча каражаттарын жалган фирмалардын эсебине мыйзамсыз түрдө которуу менен 33 млн 946 миң 866 сом бюджеттик каражаттар уурдалган.

Көрсөтүлгөн фактылар боюнча аскер прокуратурасы тарабынан Ички аскерлердин жооптуу кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”), 209-беренеси (“Алдамчылык”), 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу”), 346-беренеси (“Кызматтык жасалмачылык”) жана 348-беренеси (“Шалаакылык”) менен кылмыш иштери козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button