Жалал Абад ОИИБы: Сумаянын өлүмү боюнча шектүу жаранга соттук-психиатриялык экспертиза дайындалды
2021-жылдын 22-декабрь күнү Сузак РИИБдин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш чаралардын негизинде кылмышка шектүү катары Сузак районунун тургуну 1973-жылы туулган У.А. аттуу жаран аныкталган.
У.А. аттуу жаран суракка алынып, ал иш боюнча күнөөсүн мойнуна алып иштин жагдайын көрсөткөн.
Тергөөнүн жүрүшүндө У.А. аттуу жаран Жалал-Абад областтык ооруканасынын психоневрология бөлүмүндө жин оорусу менен стационардык тартипте дарылангандыгы аныкталды.
Ошондуктан Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 186-бер. (Экспертиза жүргүзүү үчүн адамдарды медициналык мекемеге жаткыруу) негизинде У.А. аттуу жаранга карата 2021-жылдын 23-декабрында соттук-психиатриялык экспертиза дайындалып, аны ыкчам өткөрүү жагы Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Жар-12 шаарчасында жайгашкан Республикалык психиатриялык ооруканасынын эксперттерине тапшырылды.
Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы