Коом

Элдар Абакиров: «ККМ менен иштегенди үйрөнүш керек. Бул дүйнө жүзүндөгү практика»

“Дордой” базарынын соодагерлери контролдук кассалык машинаны (ККМ)колдонууга каршылыгын билдирип чыгышты. Алар бул чечим жокко чыгарылбаса, Министрлер кабинетинин отставкасын талап кыла турганын айтып жатышат. Бир күн мурда ушундай эле талап менен “Таатан” соода борборунун ишкерлери акция өткөрүшкөн. Ал эми Салык кызматы кассалык машинаны орнотуу менен көмүскөдөгү экономиканын көлөмүн азайтуу аракети болуп жатканын билдиришти.

24-декабрда “Дордой” базарынын соодагерлери менен Экономика министрлигинин өкүлдөрү, салык кызматынын адистери жаңы Салык кодексин талкуулашты.

Анда ишкерлер контролдук кассалык машиналарды орнотууга каршы экенин айтышууда.

Экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров азыркыдай шашылыш чечимдер менен бизнести көмүскөдөн алып чыгуу оор экенин айтып жатат. Ал соодагерлердин эмне себептен контролдук кассалык машинага (ККМ) каршы болуп жатканын мындай түшүндүрдү:

“Жылдык жүгүртүү 8 миллион сомдон ашпаса салык 0 болот. Бирок андан ашса мыйзамда көрсөтүлгөндөй төлөш керек. Бул сумма азыр патентке кеткен акчадан алда канча көп. Негизи азыркы процесстен акыры өтүшүбүз керек. Мен муну колдойм. Бирок өкмөт дароо айып пул салып кыйнабай, жарым жылга чейин убакыт бериш керек. Анткени ККМ менен иштегенди үйрөнүш керек. Бул дүйнө жүзүндөгү практика. Ошол эле учурда салыктардын бардыгы толук төлөнгөндө товарлар 5-10% кымбаттайт. Себеби өзүнүн кирешесине 12% кошумча нарк салыгын (КНС) кошот да. Буга чейин патентке эле төлөп, КНСти төлөбөй келген”.

Элдар Абакиров мындан тышкары бул иште коррупциялык тобокелчиликтер жогору экенин айтып, муну Салык кызматына мурдагы Финансы полициясынын укуктары берилип жатканы менен түшүндүрдү.

Расмий маалыматта “Дордой” базарында 40 миңдей соода жайы, 55 миңге жакын жумушчу оруну бар экени айтылып келет.

Булак: Азаттык

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button