Саясат

Садыр Жапаров: Исфана шаарын Раззаков шаары деп атоо боюнча чечим кабыл алынган

Бүгүн, 25-декабрда Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда министрлер кабинетинин жыйналышы өтүп жатат. Анда президент Исфана шаарын Раззаков шаары деп атоо боюнча чечим кабыл алганын айтты.

«Чектеш өлкөлөр менен мамлекеттик чек аранын юридикалык тариздөөнүн аяктабагандыгы, айрым участкалар боюнча сүйлөшүү процессиндеги татаалдыктар, Кыргыз мамлекетине стратегиялык транспорттук инфраструктуранын коңшу өлкөлөрдүн аймактары аркылуу өтүшү республиканын аймактык бүтүндүгүнө тикелей коркунуч болууда. Быйыл биз Кыргыз-Тажик чек арасында болгон окуялардын кесепетинен жабыркаган Баткен облусун 3 айдын ичинде калыбына келтирдик. Баткенге биринчи жолу стратегиялык чек катары мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулду. Облуска өзгөчө макам берилди. Өнүктүрүү программасы кабыл алынды. 500 миллион сомду жыл сайын бөлүп туруу чечимин кабыл алдык. Баткен боюнча көп иштерди аткардык. Мен бир жаңылыкты сөзсүз айтып коюшум керек. Өткөн жылы президенттик шайлоого аттанганда биринчи үгүт иштеримди Раззаковдун жери – Баткенден баштагам. Быйыл Раззаковдун 110 жылдыгынын урматына Исфана шаарын Раззаков шаары деп атоо боюнча чечимимди кабыл алдым», — дейт ал.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button