Дарыгерге кезекке тургандардын саны узун. Залда тынч отура албаган 4-5 жаш чамасындагы бала ары-бери чуркап, колундагы кичинекей машинасын дубалдан өйдө-ылдый айдап, «бум-м, качкыла-а», деп ойноп жатты. Анда-санда жанындагы апасы балага карап:

— Арсен, кирди кармаба, — деген болот.

Түшкө жакын узун кезек суюлуп, жанагы баланын апасынын жанына отура кеттим.

— Балаңыз көзгө сүйкүмдүү экен, өмүрүн берсин, — дедим.

— Ооба, атасынын эле көчүрмөсү, — деп калды.

Экөөбүз ар кайсыдан кеп кылып отуруп, акырында эженин мында күндөшүнүн баласын алып келгенин угуп, таң кала карадым.

— Жашоодо ар кандай болот экен да. Мен деле, тагдыр ушундай болот деп эч боолгологон эмесмин. Жараткан маңдайга жазганын көрөт турбайсыңбы адам пендеси. Жолдошум экөөбүздүн ортобузда 4 бала бар. А, Арсендин апасынан бир кыз анан Арсен, — деп колу менен баланы көрсөттү. Туура, башында жаңылдык, жаздык, кер-мур айтыштык. Көрсө эркек дегениң көп нерсени биз аялдардай көтөрө албайт тура.  Курулушта иштеп жүргөндө экөөбүз таарыныша кеттик. Эки жылдай эки башка жашадык. Бирок, балдарга тыйын тыпыр салып карашып турду. Акыры, жашообуз чогуу болбой турганын билгенде, же ары же бери бололу деп, артынан шаарга издеп келсем, бир жылдан бери жолдошунан ажыраган бир келин менен жашап жүрүптүр. Ал кезде, кызы жаңы төрөлгөн экен. Менде 4 эркек, анан кызды көргөндө кадимкидей мен башкача сезимде болдум. Жолдошумдун эле өзү. Күндөшүм, жалооруп карап, «эже, күнөө менде эмес, Таалай өзү, ажырашкам дегинен макул болуп турмушка чыктым», дейт. Таалай төрдө жатат, кайним мени колдон алып, «чоң кишилерсиңер өзүңөр чечишкиле, 16да эмессиңер» деген болду. Таалайдан үн чыкпайт. Ошондо мага деген сезими жок экенин, эчак сууп, тоңуп калганын көздөрүнөн көрүп турдум. Бирок, эмне себеп болгону дагы деле мен үчүн табышмак. Арадан эки жыл өткөндө оорудан Таалай каза болду. Ошондо, күндөшүм экөөбүз түнү жалгыз калып көпкө сүйлөшүп отурдук. Ал мага биринчи жолдошу көзүнө чөп салганын, эркек аттууну жек көрүп калганын, Таалайга кезиккенин, «иштин баарын былгыткан эркектер экен эже, баягы жаман көрүндү болуп, «шуркуя» аталган биз аялдар экенбиз, экинчи ирет катуу сындым, сиздин алдыңызда күнөөлүүмүн» деп баарын айтты. Ыйлады. «Алгач сизди көргөндө аял катары боорум ооруду, өзүмдү күнөөлөдүм, ошондуктан Таалай айлык алар менен балдарга сал деп турчумун» деп безилдейт. Карап көрсөм жакшы кыз экен. Чын да, ойлосом эркекти кызганып, түн уйкуну төрт бөлүп, ыйлап азап чегүүнүн түк кереги жок экен. Балким Таалай экөөбүздүн ортобузда сезим деген нерсе жок болду окшойт, ошондонбу. Күндөшүм менен ошондон кийин катышып жүрдүк. Шаарга келген сайын кызын көрүп, ичим жылып кайтам. Мени да «апа» дейт. Чоң уулум студент болуп, күндөшүмдүн үйүндө жүрүп окууну бүтүрдү. Кабыгым кашым дебей кийимдерин жууп карады. Ошондо аябай ыраазы болгом. Бир жума болуп калды шаарга келгем. Буларды көрө кетейин деп кайрылсам апасы жумушунан бошобой, бүгүн доктурга көргөзө аласызбы деп суранды, ошого алып келгеним. Ал бүгүн мени кетирбейт, экөөбүз дагы түнү менен кобурашып отурабыз, — дейт эже күлүп.

Эженин айткандарын терең ойлондум, чындап ортодо сезим болбосо ал баарыбир бир күнү өчөөрү турган иш. Айымдар ар качан да чыдамкай, көтөрүмдүү келет экенбиз. Медалдын эки бети бар сыяктуу,  жарына бакыт туртуулап, бактылуу түгөй болгон, балдардын камкор атасы, үлгүлүү аталар да аз эмес. Бирок, жашоонун өзү кызык, ар бир жаралган адамдын өз тагдыры, өз жазмышы бар.


Бул макала “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн
.