«Kadam-media.kg»  маалымат порталы редакциябызга окурмандардан жеке куржунга келген каттар менен бөлүшүүнү улантабыз. Бул ирет атын атагысы келбеген апа кайрылып, окурмандардан кеңеш сураган.

“Саламатсыздарбы «Кадам-медиа» сайты. Мен сиздер аркылуу жан дүйнөмө бүлүк салып, санаамды санга бөлгөн жагдай менен бөлүшүп, окурмандардын оюн уксам деген элем. Сураныч аты жөнүм сыр бойдон калсын. Балким учурда мындай жагдай бир эле менин эмес, мага окшогон бир канча энелердин башынан өткөн чыгар, ошол айымдардан алтын кеңештерди алсам дегем. Анткени сиздер аркылуу чыккан түркүн тагдырларды окуп келем. Анда сөз башынан болсун.

Балам бар 23 жашка чыкты. Россиядан иштеп келгенине 3 эле ай болду. Үйдө бош жатпайын деп Бишкекте такси кылып иштеп жүргөн. Ошол жактан бир күнү телефон чалып калды  «апа, мен лыжа тепкени барам, жалгыз эмесмин, жанымда дос кызым бар» деген. Ичимен, ии балам баш кошо турган жарын тапкан экен, бактылуу болсо экен, ансыз да атасыз өстү, жакшы күндөрдү көрсүн деп кудуңдап кубанып алгам.

Балам Караколго келди, бирок үйгө келбей мейманканада дос кызы менен чогуу болду. Үйгө келгиле уялбай эле десем, кыз тартындыбы айтор келишпеди. Мен дайынданып койдум эле, кокус жакшы кыз болсо жоолук салып эле алып калайын деген ой менен. Бирок, «жумушум чыгып калды» деп кыз эртеси кайра эле шаарга кетти. Балам айылда калды. Экөөсү тынбай телефондон сүйлөшүп турушат.

Баламды алдыма чакырып, кандай кыз, уялбай эле алып келсең көрөт элем, мен деле сенин бактылуу болууңду каалайм деген оюмду айттым. Бирок, баламдын мага берген жообу мени таң калтырды. Көрсө ал кыз баламдан улуу экен, эки кызы бар экен,  улуусу үч, кичүүсү эки жашта экен. Күйөөсү менен эки башка жолго түшүптүр. Кыз өзү жакшы кыз үйлөнүп, кыздарына «ата» болом дейт. Жакында такси айдап жүрүп таанышыптыр. Көргөндө эле жакты дейт. Уккан кулагыма ишенбей, нес болуп тура бердим. Акыры балама карап:

— Балам жакшылап ойлон, жети өлчөп бир кес. Эл журт деген бар. Анын эки кызы болсо, бир күнү күйөөсү келип алып кетсечи?, — дедим.

Баламдын оюунан кайткысы жок. Үйлөнүп Москвага кетем дейт.

Ар бир эне азыркы менин абалымды өтө жакшы түшүнөт. Түйшүк менен чоңойтуп, бактылуу болсун деген балам жубан алам дейт. Мейли ага деле макул боло берейин десем, балким ал жакшы кыз болсо жолдошунан ажырашпайт беле, кантип эле, эки  кызы менен, анан кандай болот, чүрпөлөр апасын менин баламдан кызганып психологиясына терс таасир тийбеби? Баары бир өз атасы башка да алардын. Балама кандай бала болот деген ойлордун ороосунан чыкпай калдым. Балким атасы тирүү болсо азыркы жагдайда аталык кеңешин айтып, баласын туура жолго салат беле? Кандай кылар айламды таппай турам, кеңеш бериңиздерчи….», — деп жазат окурманыбыз.