Өткөндө Өмүрбек Абдрахман агай «Кыргыз-Кытай-Өзбекстан темир жолу» курулса бизге кандай пайда дегендей пикир калтырды. Агайдын бир чети ал көз карашына кошулбай коюуга болбойт. Бирок, биз үчүн ал жол эмне үчүн керек экенин ишкерлер айтса туура болмок. Менимче бул жолго биринчи Кытай кызыктар.

Буга чейин көп жолу айткандай «Бир алкак-бир жол» долбоору маданий, социалдык же, тышкы байланыш эмес эң биринчи Кытайдын экономикасын алга сүрөөчү долбоор экенин унутпасак. АКШны 2030-жылдагы экономикалык экспорттук көрсөткүчүн эки эсе басып өтөм деген Кытай экономикасы жакынкы аралыкта жалпы Орто Азия эмес, Чыгыш Европа, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн экономикасын, ошол эле учурда Арабия баштаган мусулман өлкөлөрүнүн экономикасына таасир кылмай болду.

Кайталайлы. азыр реалдуу акча Кытай менен Арап мамлекеттеринде гана бар. Арийне, Арап мамлекетиттери жакынкы учурда Кытай экономикасына көз карандуу болоорун дүйнөлүк эксперттер айтып айтып жатышат. Мына ушул шарттан алып караганда Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан темир жолун куруу коңшулардын кызыкычылыгын көздөйт. Демек, бул жол жакында курулуп баштайт…

 

Социалдык тармактардын колдонуучусунун пикири