Саясат

Видео. Токторбаев: «Эдил Байсалов өз ордун билмек турсун мамлекеттик кызматкер катары этиканы сактабайт»

Мындай пикирин  Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев  айтты.

Эл өкүлүнүн айтымында, Эдил Байсалов Кыргыз мамлекетинин башында турган төртүнчү киши болуп саналат. Ал бүгункү күндө өз ордун билмек турсун мамлекеттик кызматкер катары дагы этиканы сактабай келет.

«КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз мамлекетинин башында турган төртүнчү киши болуп саналат. Ал бүгункү күндө өз ордун билмек турсун мамлекеттик кызматкер катары дагы этиканы сактабай келет. Циркке жетекчиликке эмес ассистент катары жарабаган Эдиль Жолдубаевич мындан ары коомчулукта жасаган жоосунсуз жоруктарын токтотпосо депутат катары эсине келтирип койгонго укугубуз бар. Депутат – мыйзам чыгаруучу орган катары 5 жылга эл тарабынан шайланып келген өкүл экенин баса белгилеп кетем. “Бектер кетет эл калат”-деген сөз бар кыргызда. Эл тарабынан шайланып келген депутаттар ар дайым эл менен бирге!», — дейт ал.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button