Коом
Жаздын алгачкы күнүндө карата аба ырайы тууралуу маалымат
Бүгүн, 1-мартта, күндүз дээрлик бардык аймактарда жаан-чачын болушу мүмкүн. Батыш тараптан жел согуп турат.
Абанын температурасы Чүй облусунда 9…14, Талас облусунда 8…13 градус болот, Ысык-Көлдө 4…9, Нарын облусунда күндүз 4…9 градус жылуу болот.
Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын күндүзгү табы 10…15 градуска жетет.
Борбор калаабыз Бишкекте күндүз жамгыр жаашы күтүлөт, абанын температурасы күндүз 11…13 градус болот.