Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы жүк ташуунун көлөмү пандемияга чейинки деңгээлге жетти.

Кыргызстан өкмөтүнүн өкүлдөрү менен Кытайдын Шинжаң-Уйгур автономиялык районунун жетекчилигинин видеоконференция аркылуу жолугушуусунда өлкөлөр ортосундагы сооданын көрсөткүчтөрү тууралуу маалымат айтылды.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрүү пункттары аркылуу өтүүчү товарлардын көлөмүн көбөйтүү маселесин талкуулашты. Жолугушууга Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун элдик администрациясынын төрагасынын орун басары Лю Сушэ катышты. Ал белгилегендей, учурда бул өткөрүү пункттары аркылуу өткөн товарлардын көлөмү пандемияга чейинки деңгээлге жеткен.