Кыргызстанда күндүн жарымында доллардын курсу дагы 3-4 сомго арзандады.

Азыр борбор калаанын акча алмаштыруучу жайлары жана коммерциялык банктар долларды 95-96 сомдон сатып алып, 97-99 сомдон сатууда. Улуттук банктын расмий курсу мурдагыдай — 104,9626 сом.

Белгилей кетсек, акыркы суткада Кыргызстанда доллар дээрлик 10 сомго арзандады.

Ошол эле учурда орус рублинин курсу ошол эле бойдон калууда. Азыр 0,85-0,9 сомдон сатып алып, 1,02-1,12 сомдон сатып жатышат. Номиналдуу курс 0,9237 сомду түзөт.