Коом

Жалал-Абадда өсүмдүк май чыгаруучу завод ишке кирди

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы «Дома-Ата» май өндүрүүчү завод кайра ишин баштады. Аталган жайдын ишмердүүлүгү бир топ жылдан бери токтоп турган.

Маалыматка караганда, ири май завод жеке ишкер Султан Тойгонбаевдин демилгеси менен кайра ишке кирген. Жалпы 72 жаңы иш орун түзүлгөн өнөр жай мекемеси менен Сузак районунун акими Баратбек Сыдыкназаров таанышып чыкты. Аким жергиликтүү өндүрүштү колдоо, өндүрүштүн көлөмүн жогорулатуу жана жумуш орундарын түзүүдө багытындагы алдыдагы аракеттерди жеке ишкер менен талкуулады.

Күнүнө 80 тоннага чейин май өндүрүү мүмкүнчүлүгү бар. Заводдун ишмердүүлүгү

2019-жылдан бери токтоп турган. Азыркы тапта завод 50 пайыз иштеп, күнүнө 30 тоннадан ашуун май өндүрүүдө. Керектелүүчү сырье Россия жана Казакстандан алып келип, өндүрүлгөн май Жалал-Абад жана Ош облустарында сатылууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button