Коом

Алар 500-600 миң сом айлык алышат. Тазабек Икрамов КР ЕЭК министрлеринин ишине нааразы

 Кыргызстандын ЕЭК министрлери өз милдеттерин аткара албай жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 2022-жылдын 17-мартында Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Тазабек Икрамов билдирди.

Ал министрлер 500-600 миң сомдон айлык аларын, бирок эч кандай маселени чече албай жатканын айтты.

«Кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал күндөн-күнгө татаалдашып, биздин товарлар чек арадан өтө албай жатат», — деди ал.

Ал бул министрлерди ээлеген кызматынан бошотуу зарыл деп эсептейт.

«Азыр баанын бир топ көтөрүлүп кеткени көйгөйлөрдүн чечилбей жатканынан да көз каранды. Эмне үчүн бул кызматка мамлекеттин кызыкчылыгын коргой ала тургандар дайындалбай жатат? Же эмне үчүн бул биримдикке кирдик?», — дейт эл өкүлү.

Тааныштык, тууганчылык жолу менен кызматка отурганды токтотуу керек деди.

Маалымат иретинде:

Кыргызстан ЕАЭБде төмөнкүлөрдү көрсөтөт:

— Асанбеков Темирбек Ишенбаевич — ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин 2021-жылдын 30-июнундагы чечими менен ЕЭК министри болуп дайындалган.

— Мамытканов Максат Сүйүналиевич — ЕЭКтин Бажы кызматташтыгы боюнча Коллегиясынын мүчөсү (министри) Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин 2021-жылдын 30-июнундагы чечими менен ЕЭК министри болуп дайындалган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button