Саясат

Тарыхта алгачкы жолу Сауд Аравиянын ТИМ башчысы Кыргызстанга расмий сапар менен келет

2022-жылдын 20-21-мартында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин чакыруусу боюнча эки тараптуу мамилелердин тарыхында алгачкы жолу Сауд Аравиянын тышкы иштер министри Улуу Даражалуу Ханзаада Файсал бин Фархан Аль Сауд Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы  кабарлады.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан менен Сауд Аравиянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдык мааракесинде боло турган расмий сапардын алкагында КР президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы Аакылбе Жапаров жана тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарга басым жасоо менен бирге, кыргыз-сауд мамилелерин кеңейтүүнүн абалы жана келечеги, ошондой эле эл аралык жана регионалдык уюмдардын алкагында мындан аркы өз ара аракеттенүү маселелери кеңири каралат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button