Коом

Ысык-Көлдөгү ашуулар убактылуу жабылды

Бүгүн, 24-мартта, кар калың жаагандыктан, Ысык-Көл облусундагы айрым ашуулар убактылуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 26-мартка чейин Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 38-112-чакырымында убактылуу жол жабылып, тозот коюлду. Мындан сырткары, Чоң-Ашуу ашуусунда калың жааган кар жолду жаап калган. Аймакта бороон-чапкын болуп жаткандыгына байланыштуу тазалоо иштери токтотулду.

22-мартта Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон-Ак-Шыйрак-Сөөк ашуусуна каттаган автоунаа жолунун төрт тилкесинде 10 миң м3 кар көчүп, жол убактылуу жабылган. Тазалоо иштери жүрүүдө. Түп-Кеген унаа жолу эки тараптуу жабылган. Учурда жол тазаланып жатканы кабарланды. Маалыматка ылайык, жабыркагандар жок. Бардык жерде жергиликтүү жол тейлөө мекемелеринин техникалары тартылган.

Синоптиктер 28-мартка чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, айрым жолдордо кар көчкү түшүү коркунучу бар экенин эскертүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button