Маданият

Кыргыз драма театрында Таттыбүбү Турсунбаванын бюсту орнотулду

Бишкекте кечээ, 27-мартта Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында театр жана кинонун актрисасы, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Таттыбүбү Турсунбаванын бюсту орнотулду.

Иш-чарага көрүнүктүү искусство ишмерлери, артисттер илимпоздор жана саясатчылар катышты.

Маданият министри Азамат Жаманкулов билдиргендей, Таттыбүбү Турсунбава кыргыз жана советтик кинонун легендасы болгон.

«Бүгүн биз искусство чөйрөсүндөгү маанилүү окуяга, тактап айтканда, биздин сүйүктүү актрисабыз Таттыбүбү Турсунбаеванын бюстун ачуу аземине катышуудабыз. Ал бүткүл Советтер союзунун кинематографиясында чыныгы көрүнүктүү инсан болгон. Кыргыз драма театрынын оңдоп-түзөөдөн өткөн жаңы имаратында анын бюстун көргөнүбүзгө абдан кубанычтабыз”, — деди ал.

Бюстту скульптор Тамила Маматова жасаган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button