Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Түркия өкмөтү бажы коридорун жөнөкөйлөтүү боюнча протоколго кол коюшту. Бул документке 23-мартта Анкарада өткөн эки өлкөнүн биргелешкен бажы кеңешинин биринчи отурумунун жыйынтыгында кол коюлганын КР Бажы кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Биргелешкен бажы комитетинин биринчи отурумунда КРнын делегациясын Бажы кызматынын башчысы Самат Исабеков, түрк тараптан соода министринин орун басары Рыза Туна Турагай жетектеди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар бажы ишмердүүлүгүнүн келечектүү багыттары боюнча эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Атап айтканда, бажы кызматтарын учурдагы өнүктүрүү, өз ара соода боюнча маалымат алмашуу, кызматкерлерди окутуу жаатында кызматташуу, ошондой эле Түркиянын бажы кызматынын оперативдүү башкаруу борборунун иштеши боюнча маселелер талкууланды.

Ошондой эле жолугушуунун жыйынтыгында КРнын Министрлер кабинети менен Түркия Өкмөтүнүн ортосунда эки өлкөнүн чек арасы аркылуу өткөн товарлар жана транспорт каражаттары боюнча алдын ала маалымат алмашуу жөнүндө протоколго кол коюлду.