Коом

Эмилбек Каптагаев: «Кумтөр боюнча жоопкерчилик өзүбүзгө тийди»

Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев Фейсбуктагы баракчасына билдирүү жазып, Кумтөр маселесине чекит коюлуп, жоопкерчилик өзүбүзгө тийгенин белгиледи.

«Кумтөр маселесине чекит коюлуп, Центерра менен ажырашуу аягына чыкты, кен-байлыкка дагы, ишканага дагы, алардын келечек тагдырына дагы жоопкерчилик өзүбүзгө тийди. Башкы жыйынтык ушул. Калганын убакыт көрсөтөт. Ийгилигин берсин, элибизге куттуу болсун деп тилейли туугандар! Ушул ишке даап, чоң тобокелчиликке барган Президент Садыр Жапаровго баракелде деп кол чапкандан башка азыр эч нерсенин кажети жок деп ойлойм», — деген ал.

Эске салсак, күн мурун президент Садыр Жапаров түз эфир аркылуу коомчулукка кайрылуу жасап, Кумтөр алтын кени Кыргызстандын толук ээлигине биротоло кайтарылганын айткан.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button