Мындай пикирин Фейсбук социалдык баракчасына Баялы Төрөбеков жазды.

Анын айтымында, негизи Атамбаевты- Атамбаев кылган, Текебаев, Р.Отунбаева, А.Бекназаров болгон. Анын бүгүн шоу көрсөтүп мыйзамды сыйлабагандыгы туура эмес болууда.

«Атамбаевке окшоп жер тепкилешпей эле, сотко келишээр эле… (ред. С.Жапаров менен Ө.Текебаевди айтып жатат).  Баш мыйзамды — сыйлашаар эле, угушаар эле… Шоу кылып, айкырып- өкүрүшпөйт эле.. Бетпактанып, эки жүздүүлөнбөйт эле… Анткорлонушпайт эле… АШАга окшоп 67 жолу сот болсо, 65 жолу келишпей койбойт эле. Клоун, актёр болушпайт эле. Калп ооруп, мылжыңдабайт эле. Жаш баладай болуп, терезени тепкилешпейт эле. Өз айылдарына барып алышып, бука союп , жердештерине жашынбайт эле. БашМыйзам эшигин тыкылдатып турса, «чыйт», түкүрүп вальска бийлешпейт эле. Трайбалист эмес эле…

Эх, негизи Атамбаевты- Атамбаев кылган, Текебаев эле! Р.Отунбаева, А.Бекназаров эле! Ажо кылган- Текебаевтер эле! Текебаевты сатып, аны жалган жерден каматкан — Атамбаев болду. Баарын саткан- АША болду. Баарын КАША кылган өзү болду? Эми келме — кезек, терме тезек болуп атыры эй! Жашоо — бумеранг тура. Алмаз байке, бул Кыргызстанда бир эле силер эмессиңер! Силер каалагандай эле боло бербейт! Башка да элдер бар. Бетпактыкты токтотуп, мыйзамга баш ийиңиз. Орозонун күнүндө, Кудайга тообо келтирип, ченемсиз кетирген толтура күнөөлөрүңүздөн арылыңыз! Сизге бекем ден соолук каалайм! Оорубаңыз! Анткени сиз жооп берүүчү, күнөөлөр опол тоодой! Колуңуз менен кылганды, мойнуңуз менен тартыңыз! Ачкөздүктүн, байлыка- бийлике тойбостуктун азабын тартып атасыз!  Мыйзам баарыбызга бирдей!”, — деп жазат.