Спорт

Азия чемпионаты: Айсулуу Тыныбекова финалда күмүш медалга татыды

 Айсулуу Тыныбекова Монголиядагы кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионатында күмүш медалга татыды. Бул тууралуу Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында жазылды.

Бирок финалдык кармашуу Тыныбекова үчүн оор болду. Финалда япониялык Нонока Одзакиге каршы килем үстүнө чыккан. Кармаштын экинчи бөлүгүндө Тыныбекова бутун атаандашына алдырып, тогуз упайдан кур калды (9:1). Нонока Одзаки ал ыкманы жасап жатканда Айсулуу бутун кокустатып, күрөштү уланта алган жок. Жыйынтыгында жеңиш япон спортчуга болду.

Килем үстүнөн аксап кеткен Айсулуу Тыныбекова чемпионаттын женүүчүлөрүн сыйлоо аземине чыга алган жок. Анын ордуна Айпери Медет кызы күмүш медалды тагынды.

Эскерте кетсек, Айсулуу Тыныбекова буга чейин Токио Олимпиадасынын күмүш медаль ээси, кыз-келиндер арасында күрөш боюнча дүйнөнүн эки, Азиянын төрт жолку чемпиону болгон.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button