Спорт

Таласта жана Баткенде жаш балбандар күч сынашат

Талас жана Баткенде жаш балбандар арасында республикалык турнир өткөрүлөт. Бул тууралуу Күрөш федерациясы кабарлады.
«Манас» аталышындагы мелдеш 20-21-май күндөрү Талас шаарындагы «Газпром» спорт комплексинде өтөт. Ага 18-20 жаштагы спортчулар катыша алат.
Ошондой эле 4-5-июнь күндөрү «Сейтек» аталышындагы мелдеш Сүлүктү шаарындагы «Бакай» спорт комплексинде болору айтылды.
«Манас, Семетей, Сейтек» турниринин демилгечиси — белгилүү балбан Каныбек Жолчубеков. Ал студенттер арасында эки жолку дүйнө чемпиону, жаштар арасында дүйнө чемпиону, Азия чемпиону, ошондой эле Азия оюндарынын вице-чемпиону.
Спортчу килемде 60 килограмм салмактагылар арасында күч сынашып келген. Улуттук курама команданын капитаны болчу. 2020-жылы спорттон кетүүнү чечкенин жар салган.
Ал 1989-жылы 8-октябрда Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районундагы Миң-Булак айылында туулган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button