Жумуштан чыгып үйдү көздөй жөө бульварды аралап келе жаттым. Ушул бульвар менен басканда таза абадан дем алып, жумуштагы чарчоону унутуп, үйгө шайдоот келем. Бүгүн да ошол жакшы маанайды издеп атайын жөө жөнөдүм. Бульвардын чок ортосуна келгенде,  отургучта бурушүп уктап жаткан адамды көрүп, бир окуя эске келди.

Эки жыл мурун пандемия күч алып, элдин баары үйдөн чыкпай, чүчкүргөн кишини башкача карап калган кез болчу. Биз жаштар чогулуп, атайын бир команда түзүп, муктаж болгон жарандарга жардам берип жүрдүк. Бир ирет, командабызда бир жигит көчөдө кароосуз калган, парктарда жаткан үй-жайы жок жарандардан кабар алып, текшерип чыгууну, балким алардын арасында да оору жуктургандар болсочу деген сунушун айтып калды. Бул сунушту бир добуштан колдоого алдык. Ошентип эртеси күнү ысык тамак, суусундук алып бульвар, парктарды кыдырдык. Бизге чейин милиция кызмакерлери да кыдырып, кээ бирлерин тийиштүү жерлерге жеткирген экен. Ошентсе да качып, жашынып жүргөндөрү көп экен.

Парк аралап жүрүп жашы 50гө келип калган бирөөгө жолуктук. Сакал муруту өсүп, кийимдери кирдеп, жуунбаганга жыттанып да кетиптир. Аксакалга эч ким жологусу келбейт. Акырында мен, анан жанымдагы бир жигит болуп ысык тамак, суу берүү үчүн жанына жакын бардык. Бизди көрүп бир чоочуп, анан колубузда тамакты көрүп жоошуп калды. Ал базарлар жабылып көптөн бери эч нерсе жей элегин айтып кирди. Жакшылап баарлашсак көп ичкени деле байкалбайт, болгону кароосуз калгандай. Биз ага ааламда болуп жаткан жагдайды айтып, сак болуусун эскерттик. Бирок, ал  тескерисинче эртерээк оору жугуп, оо дүйнө кеткиси келгенин айтып кирди.

– Силерге рахмат балдарым, ошол оору деген чын эле болуп жатса, мага эртерээк келсе экен. Анысыз деле кудайдын каарына калдым. Келесоомун да, бул көргөн күнүм аздык кылат – деп үшкүрүп алды.

Кезинде милиция болгом мен да. Ошондо жумушума теригип, айдай келинчегим менен эки уулумду таштап, башкага баш кошуп алгам. Арадан убакыт өтүп, жумуштан туура эмес иштерди жасап айдалдым, экинчи аялым карабай таштап кетти. Биринчи аялыма барсам киргизбей койду. Балдарыма карап атаңармын дедим, «кезинде бизди карабай кеттиң, апам канча кыйналды, апамдан артык көргөн аялыңа кете бер» деп коюшту. Убакыт өтсө кечирет деп, ар кайсы ишти иштеп жүрдүм. Бирок,  балдарым менен аялым кечиришпеди. Балдарым пластик айнек жасап сатышып бутка туруп, аябай байышты. Мени жакын жолотушпайт. Ошентип жүрүп ооруп калдым. Паркта жашап жүрүп, сакалым өсүп, кыйналып, айла жок бөтөлкө да тердим. Күн өткөн сайын начарлай бердим, адамдын ичтен өзүн-өзү жеп, жан дүйнөсү ооруп депрессияга киргенде, жанында колдогон адам жок болсо, кайра чыгышы кыйын экен. Эми мен өлүмдү эле күтүп жашап жатам, – деп жанымдагы балага карады.

Аксакалды угуп, ага ден-соолук каалап, үй-жайы жокторду кабыл алып жаткан жерге жеткирели десек такыр болбой койду. Жанында бир аз болуп, курсагын тойгозуп койгонго канаат кылып, коштошуп кете бердик.

Азыр бульварда бүрүшүп жаткан адамды көрүп, бул байкушта бир жерден жаңылган чыгар деген ой келди. Мени өкүндүргөнү акыркы күндөрү бомж деген атка конуп ар кайсы жерде жүргөндөрдүн саны өсүүдө, арасында аялзатынын көбөйүп баратканы зээнди гана кейитет.

Бул баян “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.