Блогер блок

Садыр Жапаровду каралоодон майнап чыкпайт, анткени, карапайым эл жасаган иштерин баамдап турат

Эки үч күндөн бери жергебиздеги жергиликтүү ЖМКлар, “Коммерсантъ” сайты Президент Садыр Жапаров тууралуу жазды деп жабалактап жатып калышты. Эээ кагылайындар, силердин сайт сыяктуу эле “Коммерсантъ” сайты деле бирөөнүн менчиги, колдонуп жаткан сайтты, каражат тапкан булагы. Аталган сайт деле карайлап Путин акесине жагалданып Жапаров тууралуу жазып жатат.

Себеби: Жапаров мурунку президенттер сыяктуу Путинге кулдук уруп, чокуга атын берип жатпаса, хансарай салып чакырбаса, анын астына чөгөлөп жардам сурап барбаса, ички саясатка аралаштырбаса, албетте жакпайт да.

Экинчиден, Жапаров “Кумтөрдү” элге кайтарды, пенсия жөлөк пулдар, айлык акылар көбөйдү. Элин ойлогон Президент эми келди өлкөгө.
Мындайды кыргызда “Ит үрө берет кербен жүрө берет” дейт. Эгерде жергиликтүү сайттар чындап патриот болсо, эл үчүн иштесе кайдагы бир орустун сайтын пиарлабай, тескерисинче кесипкөйлүк менен жооп берсе жарашмак.

Акынбек Мырзабеков, Бишкек шаарынын тургуну.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button