«Бир дүйнө — Кыргызстан» коомдук бирикмесинин жетекчиси Төлөйкан Исмаилова министрлер кабинетинин азыркы төрагасынын орун басары Эдиль Байсаловду ар кандай деңгээлдеги иш-чараларга чакырууну эч качан эсинен чыгарбайт.

Анткени, булардын бир топ жылдардан бери байланыштары зор, бири-бирин жөлөп таяп турушат. Ошентсе да алардын ортодогу мамилелерин кээде түшүнүп болбойт. Мисалы, керек учурларда каржылык колдоо алып жаткандыгына карабастан, Төлөйкан Исмаилова өз досторунун арасында Байсалов тууралуу «Эдичка ашмалтайы чыккан пахтакор» деп айтып калат.

Эске салсак, бир учурларда “Демократия жана жарандык коом үчүн коалицияны” жетектеп турган “Эдичка” өткөн жылдан бери расмий бийлик тарабына ооп, өкмөт башчынын орун басары кызматына жеткенден тарта жарандык коом өкүлдөрүн бийлик менен ар кандай тирешүүлөрдөн баш тартууга үндөп келет. Мисалы, былтыр “Бир дүйнө — Кыргызстан” уюштурган бир жыйында ал: “Эгер кимиңерге хайп жана арзан атак маанилүү болуп жатса кудай жалгасын, коомдук уюмдардын статусун жамынбай саясатка түз эле баргыла” деп айтканы белгилүү.