Коом

Бишкекке айтылуу Мадоннанын хореографы келип, мэр менен жолукту

Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров заманбап бийлер боюнча дүйнөлүк чемпионаттын тандоо турунун уюштуруучуларынын бири Жан Воинов менен жолугушту. Бул тууралуу муниципалитет билдирди.

Ошондой эле шаар жетекчиси менен жүз көрүшүүгө иш-чаранын чет элдик коноктору — чемпионаттын уюштуруучусу Канон Зузоа жана айтылуу ырчы Мадоннанын хореографы Марвин Гофин дагы келди.
Жолугушууда уюштуруучулар ири иш-чараны өткөрүүгө көрсөткөн жардамы үчүн мэрияга ыраазычылык билдиришти.
Белгилей кетсек, 25-июнда Бишкектеги соода борборлорунун биринде аталган сынактын тандоо түрү өтөт. Ага КМШ өлкөлөрүнөн келген бийчилер катышат. Иш-чаранын жыйынтыгы менен Парижде өтүүчү Modern Dance Championship — Fasion Concept фестивалында Кыргызстандын атынан чыга турган эки күчтүү бийчи аныкталат.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button