Экономика

Экономикалык максаттан “саясий” эскертүүлөргө айланган Петербургдагы форум

“Жаңы дүйнө – жаңы мүмкүнчүлүктөр” деп аталган XXV Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форуму акыркы күндөрдө талкууланган актуалдуу темага айланды. Россиянын президенти Владимир Путин форумдун жүрүшүндөгү өз сөзүндө, Россия Федерациясынын Украинадагы аракеттери баанын өсүшүнө, инфляцияга жана энергия тартыштыгына эч кандай тиешеси жок экенин белгиледи.  Болгону Батыш өлкөлөрү реалдуу секторго олуттуураак мамиле жасап, валюталык “басма станогун” азыраак иштетиши керектигин айтты.

«Бул көйгөйлөр бүгүн кээ бир демагогдор айтып жаткандай, Орусиянын күнөөсү менен болгон жок, анын башаты мурда элебашталган”, — деп белгиледи Россия Федерациясынын Президенти.

Санкциялык чаралар бир тараптуу гана сокку эмес. Санкциялар Батышта энергетикалык кризиске (Евробиримдиктин быйылкы жылдагы жоготуулары 400 миллиард долларга бааланууда) буга чейин эле “тескейин” тийгизип, европалыктардын жашоо деңгээлине таасирин берди.  Ошондуктан, дүйнө өлкөлөрүнүн лидерлери мындай мыйзамсыз ыкмалар аркылуу каршы мамлекеттер менен күрөшүүдөн эч ким корголбогондугун тымызын талкуулап жатышат, анан кандай дүйнөлүк экономика жөнүндө сөз кылууга болот?

Бул сөзү менен Владимир Путин башка өлкөлөрдөн форумга келген “кесиптештерине” жана “өзүнүн” бизнесмендерине бир катар белгилерди бергенсийт. Тактап айтканда, ал буга кызыктар бардык мамлекеттерди, эгер, Евробиримдиктин санкцияларынан коркпосо, кызматташууга чакырды.

Египеттин президенти Абдель Фаттах Сисинин Орусия менен кызматташуунун оң натыйжасы жөнүндөгү сөзү өзүнчө бир “жарнак” сыяктуу кабылданды. Египеттин лидери акыркы жылдардагы орус-египет биргелешкен ири долбоорлорго: Эль-Дабаа атом электр станциясын куруу, Суэц каналынын экономикалык зонасында Россиянын өнөр жай зонасын тузуу, Египеттин темир жол тармагын енуктуруу сыяктуу багыттарга токтолду.

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин да Кытай менен Орусиянын жемиштүү кызматташтыгын баяндады. Ал бир нече жолу Кытай Россия Федерациясы менен ишенимдүү өнөктөш экенин баса белгиледи.  Өз кайрылуусунда так аты-жөнүн атабаса да, башка кесиптештерине “багыт” бергенсип, Си Цзиньпин:

«Биз байланышты токтотуу жана жеткирүүлөрдү үзгүлтүккө учуратуу, бир тараптуу санкциялар жана максималдуу басым жасоо практикасынан баш тартышыбыз керек», — деп кайрылды.

Экономикалык деп аталганы менен, барандуу бөлүгүн саясий кайрылууларга толтурган бул форумдун казакстандык коногу, иш-чарага оффлайн режиминде катышкан Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев иш-чаранын максатын негизги — экономикалык нугуна бурду. К.Токаев убактысынын көбүн Евразия экономикалык биримдигинин мүмкүнчүлүктөрүнө жана жетишкендиктерине арнап, евразиялык интеграцияны Кытайдын «Бир алкак, бир жол» концепциясы менен биригүү зарылдыгын белгиледи.

— ЕАЭБге кирген бардык мамлекеттердин экономикасынын жалпы көлөмү азыр эки триллион доллардан ашты, бул товарлардын, капиталдын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана жумушчу күчүнүн эркин кыймылы бар чоң рынок, кандай болгон күндө да ал болушу керек,-деди К.Токаев.

Ал ошондой эле, логистика, азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздук, ошондой эле КМШ, ШКУ, АСЕАН жана ЕАЭБ алкагында Чоң евразиялык мейкиндикти түзүү маселелерине токтолду.

Белгилей кетсек, форумдан бир аз мурда Касым-Жомарт Токаев «Россия-24» телеканалына интервью берип, Казакстандагы январь окуясында анын өлкөсүнө Кремль эмес, ЖККУ жардам көрсөткөнүн баса белгилеген.

— Мен Орусияны эмес, Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна басым жасайм, — деп конкреттүү айткан казак лидери.  — Орусияда кээ бирөөлөр бул жагдайдын баарын туура эмес көрсөтүп, Орусия Казакстанды “сактап калды”, эми Казакстан түбөлүккө “кызмат кылып, Орусиянын бутуна таазим кылышы керек” дешет.  Бул чындыктан алыс, таптакыр негизсиз ой жүгүртүү деп ойлойм.

Ушул эле маегинде К.Токаев Казакстан Россиянын алдындагы союздаштык милдеттенмелеринен баш тартпай турганын, бирок ошону менен катар, республика азыркы санкциялык режимди бузбай турганын айтты.  Айтымында, Россия Федерациясы менен “достошконуна” карабай, мамлекеттин жеке экономикасы жогору экендигин эскерткен.«Санкция – бул санкция, биз аны бузбашыбыз керек», — деди казак лидери.

Бир катар “патриоттук” маанайдагы орусиялык маалымат каражаттары Казакстанды чыккынчылык жана батышчыл позицияда деп айыптоого эч кандай негиз жок.  Касым-Жомарт Токаев анын республикасы Россиянын алдындагы союздаштык милдеттенмелеринен эч качан баш тартпай турганын өзгөчө баса белгиледи.  Бирок, импорт жана “казак чабактары” орус рыногуна чыкпаарын да жашырган жок.

К.Токаев Россия Федерациясынын Украинадагы аракеттери тууралуу бир ооздон ачык айтты: өзүнүн позициясынын бейтараптыгына карабастан, Казакстан Луганск жана Донецк республикаларынын көз карандысыздыгын тааныбай тургандыгын билдирди.

— БУУнун Уставында белгиленген эки негизги принцип азыр бири-бирине карама-каршы болуп калды, — деп түшүндүрдү К.Токаев өз позициясын.

— Бул мамлекеттин аймактык бүтүндүгү жана улуттун өз тагдырын өзү чечүүгө укугу.  БУУнун негиздөөчүлөрү, сыягы, бул учурду эске алышкан жок.  А балким, жана атайылап компромисс катары киргизгендир.

Экономикадан кайрадан саясий талкууга оогон форумда, Казакстан Республикасынын Президенти аймактык бүтүндүктүн жактоочусу болуп чыкты.  Эгерде элдердин өз тагдырын өзү чечүү бүткүл дүйнөдө ишке ашырылса, анда азыр ООНдун мүчөлөрү болгон 193 мамлекеттин ордуна жер жүзүндө 500—600ден ашык мамлекет пайда болот,- деп айтты ал.

«Албетте, бул башаламандыкты жаратат. Ошол себептен биз Тайванды да, Косовону да, Түштүк Осетияны да, Абхазияны да тааныбайбыз.  Жана бул принцип, Луганск жана Донецк аймактарына карата да колдонулат”.

Ошол эле учурда казак лидери Украинанын Евробиримдикке кошулушуна абдан лоялдуу болуп, ЕБ — бул НАТО эмес деп билдирди.

 

«Евразия экономикалык биримдигине зыян алып келиши күмөн», — деди К.Токаев философиялык негизде.

— Дагы бир нерсе, Украинанын Евробиримдикке кошулуусу кандай болорун элестете албайм, анткени абдан катуу талаптар бар, Украинанын экономикасы азыр кейиштүү абалда.  Бирок бул экономикалык биримдик жана эгер ал өз катарында Украинанын болушун мүмкүн деп эсептесе, анда, албетте, муну реалдуулук катары кабыл алуу керек.

ЭКОНОМИКАЛЫК ФОРУМДАГЫ “ЭСКЕРТҮҮЛӨР” УЛАНДЫ…К.Токаевдин сессиянын модератору, журналист Маргарита Симонянга (Казакстан тууралуу чуулгандуу сөздөрү менен атагы чыккан теле алып баруучу Тиграр Кеосаяндын жубайы) карата да кайрылуу жасаганы байкалды:

— Мен бул трибунадан пайдаланып, бир катар орусиялык депутаттардын, журналисттердин, жада калса маданият ишмерлеринин билдирүүлөрүнө нааразылык билдиргим келет, бул Казакстан тууралуу таптакыр туура эмес сөздөр. Алар мен үчүн мааниси жок, бирок Казакстандын жетекчилигинин чечимдерине же өлкөбүздө болуп жаткан окуяларга кызыктай комментарий берген бул адамдар кандай “тегирменге” суу куюп жатышат?

М.Симонян бул талкууну улантпоону аярлык менен суранды жана иш-чаранын аягында ал ыңгайсыз кырдаалды жөнгө салуу аракетин көрдү:

  • Менимче, сиз айткан депутаттар, маданият адамдары, алардын бири — менин жакшы таанышым дагы, сиздин позицияңызды укту деп ойлойм. Азыр биз уруштургандардын тегирменин сугарып же уруша турган учур эмес.

Санкт-Петербугдагы “экономикалык” жыйындын жыйынтыгынан кандай тыянак чыкты? 25 жылдан бери глобалдык экономиканы талкуулап, жаңы технология, жаңы практика менен бөлүшүүнү максат кылган бул форумдун быйылкы жыйыны саясий багытка барандуу басым жасап, мамлекет башчылары бири-бирине, башка мамлекет өкүлдөрүнө “эскертүү” берүү үчүн чогулгандай эсте калды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button