Кылмыш-кырсык

УКМК: Дары-дармек түрүндөгү контрабандалык жүк ташып бара жаткан унаа кармалды

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында аткезчиликти аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, Чек ара кызматы менен биргеликте Кыргыз Республикасынын аймагына кире беришинен КР К.К. аттуу жаранынын башкаруусундагы КРОН аталган чиркегичи менен “Вольво” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа кармалды.

Транспорттук кароодон өткөрүү линиясында К.К. аттуу жаран “тиричилик буюмдары” үчүн CMR документтерин көрсөткөн. Бирок жогоруда аталган унааны дыкаат текшерүү учурунда эски буюмдардын артына катылган “дары-дармектердин” жүктөрү табылган.

Азыркы учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button