Ысык-Көлгө малдын канын, калдыктарын агызган касапкана аныкталды
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда көлдү булгап жаткан касапкана аныкталды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, кечээ, 25-июль күнү рейддин жүрүшүндө туристтик- экологиялык милиция кызматкерлери Жети-Өгүз районунун Ысык-Көл айылында жакында ачылган мал союучу жайдын талапка жооп бербегенин көрүшкөн. Аталган жайга текшерүү жүргүзгөндө калдыктардын бир бөлүгү союлган малдын каны түтүкчө аркылуу агын сууга агып, ал болсо Ысык-Көлгө кошуларын аныкташкан.
Аталган факт электрондук журналга катталып, мал союлуучу жайга тергөө-ыкчам тобу териштирүү иштерин жүргүзүүгө барган.
Касапкананын ээси 32 жаштагы С.Ж.нын айтымында, аталган жай болгону эки ай мурун ачылган. Негизинен өзүнүн малын союп, этин сатуу менен алектенет. Ал малдын кан-жини жана калдыктары үчүн атайын чуңкур жасалганын, бирок жакында суу көтөрүлгөндөн улам малдын кан-жини сууга агып кеткендигин түшүндүргөн.
Учурда Жети-Өгүз райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы текшерүү иштерин жүргүзүүдө.