Кылмыш-кырсык

Нөшөрлөгөн жаандан улам Ысык-Көлдүн айрым айылдарын суу каптады

 

Кечээ, 29-июлда жааган жаандын кесепетинен Ысык-Көл облусунун айрым айылдарын суу каптады. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, Түп районунун Балбай, Күрмөнтү айылдарында сел жүрүп турак үйлөрдү, ички чарбалык жолдорду, эгин талааларды каптаган. Жерине айыл өкмөтү тарабынан 3 техника тартылып, суунун нугун жаап беришкен. Ал эми тазалоо иштери бүгүн улантылууда.

Белгиленгендей, Каракол капчыгайынын 2 тилкесинде таш-шагыл аралаш сел жүрүп, 2 көпүрөнү жаап калган. Бүгүн оор техниканын жардамы менен тазаланат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button