«Дөө Чыңгыз» кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловдун киши колдуу болушу. Окуянын чоо жайы
«Дөө Чыңгыз» каймана аттуу кримтөбөл Чыңгыз Жумагулов абакта киши колдуу болду. Маалыматты Жаза аткаруу кызматынан ырасташты.
«Бүгүн, 30-июлда Бишкектеги №1 абакта Чыңгыз Жумагуловдун сөөгү табылган. Алдын ала маалыматка караганда, аны камералашы жеке кастык мамиленин негизинде өлтүргөн. Аны өлтүргөн киши кылмышын мойнуна алды. Учурда окуянын кандайча болгондугун тиешелүү орган кызматкерлери тактоодо», — деп билдиришти Жаза аткаруу кызматынан.
Эске сала кетсек, кылмыш чөйрөсүндө «Дөө Чыңгыз» деген каймана ат менен белгилүү болгон УКТнын мүчөсү Чыңгыз Жумагулов 15-июлда кармалган. Андан кийин ал 7-сентябрга чейин СИЗОго камалган.
Кармоо кылмыштуу топту уюштуруу, ошондой эле жеке ишкердик менен алектенген адамдардан системалуу түрдө өзгөчө ири өлчөмдө акча талап кылуу фактысы боюнча колдо болгон материалдардын алкагында жүргүзүлгөн.