Саясат

Кулубаев: Кыргызстан араб өлкөлөрү менен кызматташтыктын пайдубалын түптөдү

Кыргызстан менен Перс булуңундагы араб өлкөлөрү ортосунда кызматташуунун пайдубалы түптөлүп, меморандум кабыл алынды.

Документке «Ала-Арча» резиденциясында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жана Перс булуңундагы араб өлкөлөрү кызматташтык кеңешинин башкы катчысы Наиф Фалах Мубарак аль-Хаджраф кол койгон.

Кулубаев меморандум түзүү менен аталган булуңдагы мамлекеттер аралык кызматташуунун пайдубалы түптөлгөнүн белгиледи.

Ошондой эле бүгүнкү жолугушууда кызматташтыктын маанилүү багыттары, анын ичинде саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык маселелер талкууланганын айтты.

«Булуңдагы араб мамлекеттерин Кыргызстанга жакындатуу, мындан тышкары, Афганистандагы, Йемендеги жана Украинадагы акыркы кырдаал боюнча пикир алмашуу болду. Жолугушуу эң жогорку деңгээлде өттү деп белгилей алам. Меморандумга кол коюп, кызматташуунун пайдубалын түптөдүк. Ал ар тараптуу алаканы өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт деп терең ишенем», — деди Кулубаев.

Ал эми уюмдун башкы катчысы Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдарлыгын билдирди.

«Бул меморандум кызматташтыкка жакшы негиз түзүп берет деп ишенебиз. Мындай маанилүү документ ортобуздагы жаңы бир этап болот деп ойлойм. Ошондой эле эки тараптуу приоритеттүү багыттарды белгиледик», — деди доктор Наиф.

Эскерте кетсек, Наиф Фалах Мубарак аль-Хаджраф Борбор Азияны кыдырып Түркмөнстан, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан өлкөлөрүнө жана Азербайжанга барары пландалган.

Перс булуңундагы араб өлкөлөрүнүн кызматташтык кеңеши — регионалдык жабык эл аралык уюм. Анын негизги максаты мүчө-өлкөлөр менен экономикалык, социалдык жана маданий ишмердүүлүктү координациялоо, кызматташуу жана интеграция болуп саналат.

Уюмдун курамына Бахрейн, Катар, Кувейт, БАЭ, Оман жана Сауд Аравия мамлекеттери кирет.

 

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button