Бүгүн, ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов ИИМдин Ички аскерлеринин өздүк курамына жаңы колбашчы — полковник Дамир Алыбаевди тааныштырды.


Полковник Дамир Алыбаев Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын буйругу менен Кыргыз Республикасынын ИИМинин Ички аскерлеринин колбашчысы болуп дайындалды.


Алыбаев Дамир Картанбаевич 1978-жылы Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Бириккен айылында туулган. 2000-жылдын 16-январында Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн катарына чакырылган. 2008-жылы Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясын жана 2012-жылы Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин Москва шаарындагы Аскер университетин аяктаган.
Кызматтык ишин 2001-жылы Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин 7702 аскер бөлүгүнүн патрулдук ротасынын взводунун командири болуп баштаган жана 2019-жылга чейин ар кандай жетекчилик кызматтарды ээлеген.
2019-жылдын июлунда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин колбашчынын орун басары – штаб начальниги болуп дайындалган.

ИИМдин Басма сөз кызматы