Коом

Оштун айрым тургундары «Азаттыктын» жаңы бюросунун ачылышына каршы чыгышты

Бүгүн, 12-сентябрда АКИпресс-Ошто «Улуу Журт» партиясынын төрагасы Мирлан Орозбаев Ош шаарынын бир нече тургундары менен биргеликте маалымат жыйын өткөрдү. Алар «Азаттык» радиосунун Фергана өрөөнү боюнча ачыла турган бюросу боюнча каршы пикирин билдиришти.

Алар жаңы ачыла турган бюро коңшу өлкөлөр менен болгон ынтымакты бузат деген пикирин айтышты.

«Улуу Журт» партиясынын төрагасы Мирлан Орозбаев жүйөсүн төмөндөгүдөй түшүндүрдү.

«Азаттык» радиосунун Бишкектеги жана Оштогу кеңсеси иштей берсин, биротоло жабылсын деген талап жок. Жакында кошумча кеңсе ачылып, ага көптөгөн кызматкерлерди ишке алат экен. Жарандык укугубуздан пайдаланып, каршы экендигибизди билдирип коелу деп жыйналдык. Биз ачылбасын десек эле ачылбай калбайт. Бирок элдин оюн угуп коюшсун. Бул сайт ачыла турган болсо, 3 тилде — өзбек, тажик, кыргыз тилинде маалымат жүгүртөт экен. Алардын кабарчыларын бул жакка алып, эмнени каалап жатышат? Ошол кабатырлантып жатат. Башка мамлекеттен каржыланган сайттар өлкө ичиндеги өз ара чечишип ала турган маселелерди күчөтүп отуруп, өлкөнү кыйын абалга алып келип албайлы. «Азаттык» радиосунда иштеген кыздар-балдар, бизге өчөшүп калбагыла, силер жакшы иштеп жатасыңар. Мен оппозициялык маселелерди көтөрүп, эшигиңерге барып калышым мүмкүн. Ошондо эшигиңерди жаап, биротоло душман болуп калбагыла», — деди М.Орозбаев.

Ошондой эле ал бул боюнча Ош шаардык мэриясынын алдындагы аянтка тынчтык акциясына чыгыша турганын кошумчалады.

Ош шаарынын тургуну Айтбү Мурзабаева коңшу мамлекеттердин саясатына кийлигишүү туура болбой каларын айтты.

«Биздин аймакта туруп алып, коңшу өлкөлөрдүн жашоосуна, саясатына кийлигишүү ортодогу ынтымакты бузат. Коңшу өлкөлөр менен карым-катнаш, соода алакалары бар. Бишкектеги кеңселери жетишет, жаңы бюронун ачылуусуна каршыбыз», — деди Мурзабаева.

Ушундай эле пикирди Өмүрбек Абдыкапаров, Максатбек Мамадали уулу, Айнакан Маманова билдирди. Алардын айтымында, «Азаттык» радиосу бир тараптуу маалыматтарды берет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button