Коом

Тажикстандын кол салуусунда ИИМдин Ички аскерлеринин төрт жоокери каза тапты

Тажикстандын кол салуусунда КР ИИМдин Ички аскерлеринин төрт жоокери каза болгон. Бул тууралуу ИИМдин Ички аскерлеринин басма сөз кызматы билдирет.

“ИИМдин Ички аскерлеринин командачылыгы жана өздүк курамы Баткен облусунун чек ара аймагындагы куралдуу кагылышууда курман болгон 707 аскер бөлүгүнүн аскер кызматчылары: улук сержант Дурустун Каныбек уулу, кенже сержант Манас Баатырбеков, улук сержант Ачылбек Ташбеков, катардагы жоокер Айбек Абдилабековдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз. Жоокерлерибиздин жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат!” — деп айтылат маалыматта.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button