Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркаган калкты колдоо үчүн атайын эсепке 287 миллион 162 миң 730,5 сом түшкөн. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Жалпысынан 3355 бүтүм жасалган. Атайын эсептин акчасы азырынча таратыла элек. Каражат президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты тарабынан жумшалат.

Баткен облусунун калкын колдоо жана абийирсиз жарандардын каржылык алдамчылыгын алдын алуу максатында атайын эсеп ачылды.

Учурдагы эсепке каражаттарды которууга уруксат берилет. Акчаны Улуттук Кызыл Жарым Ай коомуна да которууга болот.

Белгилей кетсек, 16-сентябрь күнү эртең менен Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы бир нече участоктордо ок атышуу башталган. Лейлек жана Баткен райондорундагы калктуу конуштар аткылоого кабылды. Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан улам Баткен жана Лейлек райондоруна караштуу 7 айылдын, Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жекенди айылынын тургундары үйлөрүн таштап кетишкен. 198 адам жабыркап, 62 адам каза болду Баткен облусунда өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы КР Кылмыш-жаза кодексинин «Тынчтыкка каршы кылмыштар» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.