Коом

“Альянс Алтын” Талас облусуна комбайндарды сатып берди

Талас облусундагы Жерүй алтын кенин иштеткен “Альянс Алтын” компаниясы негиздеген “Альянс Алтын өнүктүрүү фондусу” Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн кайрылуусунун негизинде арпа, буудай чаба турган 8 комбайн сатып алууга каражат бөлүп берди.

“Альянс Алтын” өнүктүрүү фондусуна үстүбүздөгү жылдын башында облус бийлиги тарабынан кайрылуу келген. Анда Талас облусундагы 8 (сегиз) айыл аймакка арпа, буудай чабуучу комбайн керектиги айтылган. Айыл чарбасын өнүктүрүү, аны колдоо фондубуздун башкы максаттары эмеспи. Андыктан 240 120 АКШ доллар каражатын бөлүп бергенбиз. Бүгүнкү күндө техникалар Беларусия мамлекетинен алынып келе жатат”, – деп билдирди өнүктүрүү фондусунан.

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма-сөз катчысы Бакай Садыров алынып келе жаткан техникалар тууралуу төмөнулөрдү билдирди: “Облус жетекчиси Бактыбек Нарбеков 2022-жылдын январь, февраль айларында облусубуздагы 37 айыл өкмөтүн кыдырып, жалпы элдик жыйындарына катышкан. Ошондо 8 айыл өкмөттөн комбайн жетишсиздиги айтылып, алып берүү суранычы түшкөн. Облустук бийлик “Альянс Алтын” ӨФна кайрылып, алардын каржылоосу менен 8 комбайнды сатып алууга каражат маселеси чечилген. План боюнча айыл-чарба техникалары жай айларында Беларусия мамлекетинен алынып келинип, оруп-жыйноо маалында пайдаланууга берилмек. Тилекке каршы, дүйнөдөгү кырдаалдан улам чек ара маселеси болуп жаңы гана алынып келе жатат. Заводдон жаңы чыккан комбайндардын баасы өтө кымбат болгондугуна байланыштуу мурун колдонулган техникалар алынды. Алар толук капиталдык оңдоодон өткөн жана арпа-буудай чаба турган тетигин (жатка) салып жүрө турган атайын арабалары (прицеп) менен кошо алынды”, – деди Бакай Садыров.

Маалымат катары: “Альянс Алтын” өнүктүрүү фондусу Жерүй кенин иштеткен “Альянс Алтын” ЖЧКсы тарабынан 2016-жылы түзүлүп, Талас облусундагы ар кандай долбоорлорду колдоо багытында бүгүнкү күнгө чейин 900 миллион сом каражат которду.

Нургазы Айтмырзаев

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button