Кылмыш-кырсык

УКМК: Сот департаментинде мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө мурда аныкталган зыяндын орду толук толтурулду

Жогорку сотко караштуу Сот департаментинде мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө мурда аныкталган зыяндын орду толук толтурулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК козгогон кылмыш ишинин алкагында КР сот системасына сатып алынган санариптик жабдыктардын баасын кымбаттатуу фактылары аныктады.

2020-жылы мамлекеттик органдарды санариптештирүү боюнча мамлекеттик долбоорлордун алкагында республиканын сот системасына жалпы 42 миллион 835 миң 250 сомдон ашык суммага техникалар сатылып алынганы такталган.

Ошону менен бирге иликтөөнүн алкагында аталган мамлекеттик органдын жооптуу адамдары жеке баюу максатында компаниялардын өкүлдөрү менен жең учунан сүйлөшүп алышып, алар сатып алынган товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн иш жүзүндөгү баасын ашыкча баалаган фактылар аныкталган.

Мындай мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында мамлекетке 5 миллион 519 миң 170 сом өлчөмдө зыян келтирилген.

Текшерүүнүн жүрүшүндө келтирилген зыяндын орду толук толтурулуп, Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин мамлекеттик сатып алуулар боюнча жооптуу кызмат адамдарынын аракеттерине юридикалык баа берилүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button