Спорт

Сауд Аравиянын оюнчуларына Аргентинаны жеңгени үчүн Rolls-Royce берилет

Сауд Аравиянын курама командасынын бардык оюнчуларына Аргентинаны сенсациялуу жеңиши үчүн Rolls-Royce унаасы белекке берилет. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Сауд Аравиянын оюнчуларынын ар бирине жеңиш үчүн Rolls Royce Phantom үлгүсүндөгү унаа белекке берилет. Бул унаанын баасы болжол менен 50 миллион сомду түзөт.

Эске салсак, 22-ноябрда Дүйнө чемпиондугунун тайпалык баскычынын 1-турунун алкагында Аргентина курама командасы Сауд Аравиянын курама командасы менен беттешкен. Оюн 2:1 эсебинде саудиялыктардын сенсациялуу жеңиши менен аяктады.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button