“Айтматов жөнүндө эссе” циклинен …

***
Чынгыз Төрөкулович (Европадан) жаңы эле элчилик кызматтан Бишкекке кайтып келген учур…
Бир эки күн эле болгон чыгар.
Кабинетке эшикти шак ачып, катчы кызым кирип келди. Толкунданып алган. Демин ичине жута албай, шашкалактап алыптыр.
– Султан Акимович, Чынгыз Айтматов келди… Кабылдамада… – деди. Катчы кызымын абалы мага өттү да, ордуман атып туруп, эшикти ачсам кабылдамада Чынгыз Айтматов турат. Бир чети улуу адамдын кабылдамада туруп калганынан ыңгайсыздана түштүм. Кийин катчы кызыман сурадым “Чынгыз агайды түз эле… Алып кирбейсиңби? дегем…” Көрсө, Чыкем “Иштеп аткан адамды алагды кылып койбоюн, эң оболу сен кирип айтып чык кызым…” деген экен…
Чыкем менен жылуу учурашып, кабинетке кирдик. Алп жазуучу эң оболу ал акыбал сурашып, дубал бооруна илинген картиналарга көз жүгүрттү да, көрүнө турган жердеги сүрөтүн көрүп” Бу сүрөт жашыраак кездеги экен…” деп койду. (Ошол сүрөттү постко койдум.).
– МИДден келаттым эле, эки иштен, бир иш деп, маданий министрге тийе кетейинчи деп кирип калдым, – деди Чыкем.
Чыкем алыс жолдон, Европадан жаңы эле келген. Аны да иштеп жаткан жеринен козгоп, жумуштан алганын туура эмес көрүп жүргөм. Чыкемин Европадагы карааны эле көп маселени чечмек. Ал жактагы кадырын өз көзүбүз менен көргөнбүз.
– Айтмакчы, романынды аяктап калдым, көптөн бери кол бошобой… Сага да уят болдум… Жазуучу кишинин түйшүгүн билесин, бир ой, бир идея келсе өзүн да унутуп калат, – деди Чыке алдына келген чайдан ууртап. Чын эле романымдын (“Жанжаза” романы) кол жазмасын бергениме эки жылдан өтүп калган. Чыкемин окуганы мындай турсун, колуна алып кармаганыны эле канча дем, канча сыймык. – Аз калды… Ушундай эле уланып кетсе жакшы роман болчудай… Жазуучуну билесиң, бардык күчүн жыйынтыкка, финалга чыгарат, чыгарма да ошо финал үчүн, жыйынтык үчүн жазылат, – деди.
Чыкем мага бир аз чарчагандай көрүндү. А, балким а жумуштан кеткенинеби же мага ушундай көрүндүбү… Анын бардык маанайы, абалы, ички дүйнөсү мандайында турду. Негедир суз тартып турду. Ошондонбу… Элчилик кызматы тууралуу бирдемке дегенге дитим жетпеди.
2004-жылы бир маегибизде а кишиге суроо бергемин, ал кийин жазуучу менен чоң маек катары жарык көргөн. Ошондо минтип жооп берди эле… “Биз дүйнөнүн кайсы бурчунда жүрсөк да, качандыр бир убакта өзүбүздүн туулуп-өскөн жерибизге келебиз… Киндик кан тамган жер деп бекеринен айтпайт чыгар… Ошо киндик кан тамган жер дайыма ой-санаамда жүрөт…” деген эле. Ошондонбу оюмда турган суроону бере албадым…
Чыкем менен көпкө сукбат кылдык. Бир маалда “Макул, маданий министр мен барайын. Сыртта сени кишилер күтүп калды окшойт… Элди күттүрбөйлү…” деди да ордунан козголду. Соңунда Чыкем” Башка сөз жокпу? Баарын эле сүйлөшкөндөй болдук окшойт” – деди. “Башка сөз” дегендин төркүнүн эки күндөн кийин билдим. Чыкеме МИДге барганда ТЮРКСОЙго баш катчылык жөнүндө айткан экен. Бирок, бу
“сөз” мага жете элек эле…
(А тууралуу кийин жазуу ниетим бар)
Чыкемди сыртка узатып чыктым. Чындыгында эле кабылдамага беш-алты киши туруп калыптыр. Чыкем баары менен учурашты. Экөөбүз сыртка чыктык…
Чыкеми маданият министрлигинин имаратынан Чүй проспектисине дейре узатып бардым. Машина менен каалаган жеринизге жеткирип коелу десек да болбоду… “Басканды сагынып калыпмын…” деп. Бу кыска сөздө канча улуу маани жатканын ичкертен сездим. Адам туулган жердин кереметин таманы менен сезет эмеспи…
Чыкем менен ушунчалык аркы-беркини сүйлөшүп, сөз кызыгына кирип кеттимби… Айтор, көкүрөгүмдө көптөн бери жүргөн купуя собол бар эле… Ошонун сааты азыр чыккандай бергим келди…
– Сизге көптөн бери бир суроо берейин дедим эле… – дедим. Чыкем токтой калып “Бер…” – деди.
– Гезитте, тыяк-бияктагы жазгандарды окуйсузбу? – дедим. Чыкем бу суроомо бир үшкүрүп алды да, окубасам да тааныштарым айтып калат анда-санда…
Сөз нугу ошо кездеги Чыкеми каралаган макалалар жөнүндө бараткан. Айрым жазуучулар, гезиттер, ”сары ооз” балапандар Чыкемдин “Жамилиясынан” тартып, жеке турмушуна дейре сөз кылып, улуу адамдын атына көлөкө түшүрүү аракеттери жүрүп жаткан. “Ошо ээн ооздорго жооп берип койбойсузбу, бу аша чапкандык…” дедим да, Чыкемдин кайрадан чыккан үшкүрүгүун укканда күтүүсүз берген суроом менен жерге кирип кеткендей абалда калдым. Жер жарылып кетпеди. Чыкем мени жалт карады да, токтой калып моминтип айтты, ал сөз азыр да кулагымда турат:
– Султан айтчы, мен бир тээ бийикте учуп жүргөн бүркүт болсом, ошо бак-бак этип чардап, саздан башка эчтекени көрбөгөн бакаларга, алардын денгээлине түшөйүнбү?.. Бүркүттүн чындыгын да, баканын бакылдаганын да Жараткан билип турат. Чындык кимде экенин… Жараткан билген чындыкты… андан талашканга болбойт… – деп жооп берди.
Берген суроодон кызарып чыктым. Бирок, Чыкемин бу жообу бир өмүр сабак болду… Ошону угуу үчүн да ушу суроону беришим керекпи эле деп түйшөлуп калдым…
Чыкем “эми сен кал, мен жолумду улай берейин” деп ары карай жол тартты…
Артынан карадым, анын карааны бара-бара көрүнбөй баратты…
Ошо караанга баарыбыз зар болуп жүрөбүз…
Кыргыз эл жазуучусу Султан Раев