Коом
Соцфонддун колл-борборуна 11 айда 19 миңге жакын кайрылуу түшкөн
Социалдык фонддун колл-борборуна январь-ноябрь айларында 18 миң 433 кайрылуу түшкөн.
Соцфонддун басма сөз кызматынан билдиришкендей, ноябрда 1 миң 651 кайрылуу келип түшкөн, анын ичинен 1 миң 253ү кирген жана чыккан чалуулар. Андан тышкары, онлайн-офлайн режиминде сайт аркылуу 398 электрондук кайрылуу келип түшкөн.
Социалдык фонддун Call-борборуна кайрылуулардын басымдуу бөлүгү камсыздандыруу төгүмдөрдү төлөөчүлөрдөн, иштебеген жарандардан, чет өлкөлүк жарандардан, пенсионерлерден жана иштеген пенсионерлерден келип түшөт.