Коом

Камчыбек Ташиев адистештирилген жалпы мектеп-интернатынын окуучуларын куттуктады. Сүрөт

Бүгүн, 2022-жылдын 26-декабрында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы генерал-лейтенант К.К. Ташиев угуусу начар жана кеч уккан балдар үчүн адистештирилген жалпы билим берүүчү мектеп-интернатынын окуучуларын куттуктады.
 
КР УКМК башчысы аталган мекеменин жалпы кызматкерлерин жана окуучуларын келе жаткан жаңы-жылы менен куттуктап, бардыгына чың ден соолук каалады. Андан соң КР УКМК жетекчилигинин жана өздүк курамынын атынан мектептин материалдык базасын чыңдоого 500 миң сом акча каражатын берди жана ошондой эле окуучуларга таттууларды, оюнчуктарды тапшырды.
Бул иш-чарага КР Билим берүү жана илим министри Мамбетакунов Уланбек Эсенбекович катышып, министрликтин атынан 3 компьютер белек кылды.
Өз кезегинде мектеп жетекчилиги КР УКМКнын жетекчисине жана кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, 2021-жылы бөлүнгөн 1 млн сомго 2022-жылы мектептин ашкана оңдолуп, санитардык оңдоо иштери жүрүп жатканын айтты, ошондой эле Ферет жана Дачная көчөлөрүнүн мектепке баруучу бөлүгүн капиталдык оңдоодон өткөрүшкөнүн белгиледи.
Жыйындын соңунда аталган мекемеге ар тараптуу колдоо көрсөтүү максатында актуалдуу көйгөйлөр талкууланды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button