Коом

Бишкекте кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы боюнча топографиялык топтордун кезектеги жолугушуусу болуп өттү

Тараптардын дипломатиялык каналдар боюнча жетишилген макулдашууларына ылайык, Бишкек шаарында 2023-жылдын 3-9-февралында Кыргызстан жана Тажикстандын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелери боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү Протоколдорго кол коюлду.

Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү.

Жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу Тажикстандын аймагында пландалууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button