Спорт

Бишкекте «Футбол мектепте» долбоорунун бет ачары өттү

Бишкек шаарында «Футбол мектепте» аттуу ири долбоордун бет ачары өттү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, долбоор алты этапты камтыйт. Алар — билим берүү программасы, «D» сертификаты жана «С» лицензиясы үчүн машыктыруучулук курстары, 1 миңден ашуун баланын катышуусунда мектеп аралык достук турнирлерин жана фестивалдарын өткөрүү болуп саналат.

Аталган иш-чарага Бишкек шаарынан 55 дене тарбия мугалими катышып келүүдө.

Долбоордун алкагында мугалимдер футбол техникасынын негизги усулдук принциптерин үйрөнүп, окуучуларды эффективдүү окутуу үчүн көндүмдөрүн өркүндөтүп, балдарга карата ырайымсыз мамиленин жана зомбулуктун алдын алуу боюнча билимге ээ болуп, биринчи жардам көрсөтүү көндүмдөрүн алышат.

Белгилей кетсек, “Футбол мектепте” долбоору Азия футбол конфедерациясынын каржылык колдоосу менен Кыргыз футбол союзу тарабынан ишке ашырылууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button