Спорт

Бишкекте “Ден соолук” спартакиадасы старт алды

Кечээ, 14-февралда Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын спорттук базасында жогорку окуу жайлардын жана кесиптик орто окуу жайларынын кызматкерлери арасында “Ден соолук” спартакиадасынын ачылыш аземи өттү.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, “Ден соолук” спартакиадасы дене тарбия жана спортту жайылтуу, жарандарды сергек жашоого тартуу максатында өтүлөт.

Ачылыш аземге спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча “Жаштык” дирекциясынын директору Урмат Асанбаев, Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы метод борборунун жетекчиси Кулболду Исаев жана Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайларынын дене тарбия боюнча окутуучулар катышты.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button