Саясат

Садыр Жапаровдун Венгрияга болгон расмий сапары жогорку деңгээлде өттү — Кулубаев

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев президент Садыр Жапаровдун Венгрияга расмий сапарынын жыйынтыктары тууралуу маалымат берди.

Министр бул президенттин Венгрияга болгон биринчи расмий сапары экендигин эске салды.

«Расмий сапар эң жогорку деңгээлде өттү. Анткени биз пландаган бардык форматтагы сүйлөшүүлөр өткөрүлүп, документтерге кол коюлду. Кыргызстан менен Венгриянын президенттери Садыр Жапаров жана Каталин Новак эки тараптуу жолугушууда бир топ аспектеги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Бул биринчиден, Орто Азиядагы көйгөйлөр, экинчиден, Европада болуп жаткан процесстер, үчүнчүдөн кыргыз-венгер ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү», — деп, министр эки тараптуу сүйлөшүүлөр пайдалуу жана жемиштүү болгондугун кошумчалады.

Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунун башчысы сүйлөшүүнүн аягында Садыр Жапаров менен Каталин Новак Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы Стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө жана өнүктүрүү жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюшкандыгын айтты.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров 12-14-февраль күндөрү Венгрияда расмий сапар менен болду.

Расмий иш-чаралар Будапешт шаарынын Лайош Кошут аянтында президент Садыр Жапаров менен Венгриянын президенти Каталин Новактын расмий жолугушуу аземинен башталды.

Садыр Жапаров менен Каталин Новак чакан жана кеңейтилген форматтарда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки тараптуу кызматташуунун конкреттүү маселелерин талкуулашты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында президенттер Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө жана өнүктүрүү боюнча биргелешкен декларацияны кабыл алышты. Ошондой эле кызматташуу боюнча бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Ошол эле күнү Президент Садыр Жапаров Венгриянын Улуттук Жыйынынын спикери Ласло Кёвер менен жолугушуп, парламенттин имаратын көрүп чыкты.

Мындан тышкары, Мамлекет башчысы Кыргызстандагы белгилүү архитектор Ласло Месароштун неберелерине анын үй-бүлөлүк сүрөттөрүн, ошондой эле республикалык архивден алынган алардын чоң энеси Вильма Ковачтын өмүр баянындагы ак тактарды көрсөткөн документтерди өз колу менен тапшырды.

Эртеси күнү президент венгриялык жана кыргызстандык ири компаниялар катышкан венгер-кыргыз бизнес-форумунун ишин ачып берди. Мамлекет башчысы Венгриянын бизнес-коомчулугун Кыргызстандагы келечектүү долбоорлорду ишке ашырууга активдүү катышууга чакырды.

Андан соң Садыр Жапаров Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен жолугушту. Эки тарап тең өз ара пайдалуу эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташты.

Мамлекет башчысы энергетика тармагы үчүн жабдууларды чыгарган «Ganz Transformers and Electric Rotating Machines Ltd» компаниясынын ишмердүүлүгү менен да таанышты. Бул компания менен Венгер-Кыргыз өнүктүрүү фондунун алкагында кызматташуу күтүлүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button