Спорт

Кызыл-Кыяда Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата спорттук оюндар уюштурулду

Кызыл-Кыя шаарында жергиликтүү милициянын демилгеси менен шаар аймагындагы мектептер арасында футбол боюнча мелдеш уюштурулду. Кызыл-Кыя ШИИБдин балдар менен иштөө инспекторлору кылмыштуулукту алдын алуу, укук бузууларга жол бербөө максатында спорттун кичи футбол түрүн жыл сайын уюштуруп, жаш муундардын патриоттук ой-сезимин жогорулатуу, милиция кызматкерлерине болгон ишенимди күчөтүү менен бирге мектептер ортосундагы ынтымакты бекемдөө боюнча иштерди алып барышууда.

 
Спорттук оюн мыкты деңгээлде өтүп, жыйынтыгында А.С.Пушкин атындагы орто мектеби 1-орунду, Кыргызстан 50 жылдык атындагы орто мектеби 2-орунду, ал эми И.Раззаков атындагы Сапат лицейи 3-орунду ээлешип, баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Ал эми оюнга активдүү катышкан окуучу балдар Кызыл-Кыя ШИИБдин Ардак грамоталары жана баалуу белектери менен сыйланышты.

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button