Коом

Бейөкмөт уюмдар суктанган Францияда демократия барбы же Кыргызстандабы?

Жаз айында бейөкмөт уюмдар, бийликке оңой эле келип калууну көздөгөн саясий күчтөр элди козутууга аракет кылышат. Бул Кыргызстанда адатка айланган көрүнүш. Акыркы кезде адам укуктары, сөз эркиндиги деген шылтоону бетине кармангандар такай нааразычылык акцияларын уюштурушат. Арасында кыргыздын каада-салтына, нарк-насилдерине диверсия кылгандар бар. Алар, “чай куйбайм, матриархат келсин” — деген ураандар менен кыйкырышат.

Аларга карата милиция түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, митинг өткөрүү этикасын, эрежесин бузбоону эскертип өтүнүшөт. Ошондой сылык мамилеге карабай, “Кыргызстан болбой калды, укуктарыбызды чектеп жатат, сөз эркиндиги жок” — деп батышка карап даттанат. Так ушул кезде НПОчулар даттанган батыш өлкөлөрүндө эмне болуп жатканын сөз кылалы.

Францияда адам укуктарына байланышкан митинг болуп өттү. Нааразычылык акциясына чыккандарды милиция ур-тепкиге алып, аялдарды чачынан сүйрөп, эркектерин дубинка менен сабап, жыйынтыгында 855 жаран кармалып, анын 843ү камакка алынды.

Бизде, жакшына болуп жаткан иштерди бурмалап, атайын баш аламандык чыгаргысы келгендерге дагы мамлекет көп шанс берет. Бир нече жолу суранып, түшүндүрүүгө аракет кылат. Мисалы, Кемпир-Абадды шылтоо кылып, мамлекеттин чек арасын чечүү маселесин саясатташтыргандар. Рита Карасартова, Азимбек Бекназаров, Калара Сооронкулова баш болгон активисттер түшүнгүсү келбей, кайра жашыруун чогулуп алып, “элди алып чыгалы, аягына чейин барып, баш аламандык кылалы” — деп жүрүп камалып кетишти. Эми алардын тарапташтары “Кыргызстанда сөз эркиндиги жок, адам укуктары тепселип жатат” деп кыйкырып жатышат.

Эми салыштырып көргүлө, НПО суктанган, дайым мисал кылган Францияда демократия барбы же Кыргызстандабы?

Дамира Рустемова, Бишкек шаары

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button