Коом

Кыргызстанда мамлекеттик жана жеке нотариустардын укуктары теңдештирилди

Кыргызстанда эми мамлекеттик жана жеке нотариустар бирдей укукка ээ. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай норма ушул жылдын 30-мартынан — Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 19-январында кабыл алынган жана президент тарабынан 2023-жылдын 9-мартында кол коюлган «Нотариат жөнүндө» КР мыйзамы күчүнө кирген күндөн баштап иштей баштады.

Мыйзамдын негизги жаңылыктары болуп КРнын Нотариалдык палатасын жеке нотариустардын өз алдынча башкаруучу кесипкөй коомчулугу катары түзүү, мамлекеттик жана жеке нотариустардын укуктарын теңдештирүү, мүлктү ээликтен ажыратууга тыюу жана аны алып салуу нотариалдык аракеттерди жокко чыгаруу, ошондой эле нотариустардын статусун жогорулатуу ж.б.

«Аталган мыйзам калкка көрсөтүлүүчү нотариалдык кызматтардын сапатын жогорулатууга жана аларды алуунун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга, калктын нотариуска болгон ишенимин бекемдөөгө жана анын кадыр-баркын көтөрүүгө багытталган», — деп билдиришти Юстиция министрлигинен.

Юстиция министрилиги алты айдын ичинде мыйзам алдындагы актыларды ушул мыйзамга ылайык келтирүү боюнча иштерди баштады.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button